Бийчи Атайга “Даңк Аллеясы” жылдызы расмий тапшырылат

7 августа 2019 13:22 1007 Barometr
Поделиться в:
ok

Эртең, 8-августта Бишкекте хореограф жана бийчи Атай Өмүрзаковго “Даңк Аллеясы” жылдызы расмий тапшырылат. Салтанаттуу азем Asia Mall соода борборунда болорун борбордун өкүлдөрү кабарлады.

Иш чара 19:00дө Asia Mall соода борборунун жанында болот.

Эске сала кетсек, Атай Өмүрзаков жана “Тотем шоу” бийчилер тобу Кытайда өткөн World’s Got Talent шоусуна катышып, жарым финалга чыгышкан.

Бийчи буга чейин World’s Got Talent долбооруна катышкан. Мындан сырткары “Тумар КР” бий тобу менен Британияда өткөн “Britain`s Got Talent — 2016” телешоу долбоорунда күч сынашып, жарым финалга жетип, үчүнчү орунду камсыздашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bijchi-atajga-dak-alleyasy-zhyldyzy-rasmij-tapshyrylat



Добавить комментарий