Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктай турчу 7 500 тест-система берди

18 марта 2020 18:31 862 Barometr
Поделиться в:
ok


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы коронавирустук инфекциянын алдын алуу, жайылтпоо максатында Кыргызстандын Өкмөтү жана комепетенттүу органдары тарабынан жасалып жаткан иштер, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты билдирди. 

Медициналык кызматкерлер, эпидемиологдор, обсервация кызматкерлери, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери үзгүлтүксүз, күнү-түнү дежурлук түзүү шартында иштешүүдө.

Калкты эң керектүү тамак-аш менен экономикалык жактан жеткиликтүү денгээлде камсыздоо максатында социалдык маанилүү азыктардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынууда. 

Өз кезегинде КРнын РФдагы Элчилиги күчөтулгөн режимде иш алып барууда, жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер дежурлукту актарышууда, күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө, кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна тийиштүү жооптор жана кеңештер берилүүдө.

Коронавирустук инфекцияга байланыштуу татаал эпидемиологиялык кыраалдын биринчи күнүнөн тартып, Элчиликте атайын штаб түзүлүп, россия тарабынын Кыргызстанга керектүү жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгууда.

Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында россия тарабы калк арасында  коронавирусту аныктоочу тест-системанын бир нече партиясын жөнөткөн. Бүгүнкү күну россия тарабынан 7500 тест-система берилип, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин муктаждыгы толугу менен жабылды.

Ссылка: https://barometr.kg/bgnk-knu-rossiya-tarabynan-7500-test-sistema-berdi



Добавить комментарий