Бүгүн Жогорку Сот Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карайт

1 октября 2018 10:35 1234 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек,  шаардык сот 17-сентябрда өткөн отурумда экс-мэрдин камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү жактоочу суранган.

Эске салсак, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-zhogorku-sot-albek-ibraimovdun-bash-korgoo-charasyn-karajt



Добавить комментарий