Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болот

4 сентября 2018 12:05 953 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын расмий ачылышы болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамына ылайык, парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат. 

Белгилей кетсек, 3-сентябрь эс алуу күнүнө туура келгендиктен, 4-сентябрда 6-чакырылыштын кезектеги сессиясынын ачылышы болот. Бешинчи сессия 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын июнуна чейин иш алып барат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-zhogorku-keeshtin-kezektegi-sessiyasynyn-achylyshy-bolot



Добавить комментарий