Шайлоонун жүрүшүндөгү орчундуу маалыматтар

4 октября 2020 12:40 658 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Учурдагы шайлоо процесси тууралуу маалыматтар менен БШКнын берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Кыргызстан боюнча жалпы 2 475 шайлоо участогу шайлоочуларды кабыл алып жатат. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн 45 участка иштеп жатат.

Бишкек шаарында 29 шайлоо участкасы даярдалган. Шайлоо участкалары өз ишин таң эрте саат 08:00дө башташты.

Бишкек шаарында шайлоо участкаларында узун кезек күткөндөр, аялдамаларда маршруттук такси күткөндөр абдан көп экени маалым болду. Маршруттук таксилер бүгүн адаттагыдан аз санда катташууда. Мунун себебин айдоочулардын көпчүлүгү шайлоо участкаларына адам ташуу буюртмалары менен жумушка чыгышкан эмес.

Шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган 3 миллион 523 миң 532 адам катыша алат. Бул беш жыл мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон болжол менен 28 пайызга көп. Дээрлик жарым миллион шайлоочу № 2 формасы менен добуш берет. Ал адамдарга катталган жеринде эмес, жашаган жеринен шайлоого жол ачат. Башкача айтканда, шайлоочу катталган жерине барып убара болбойт.

Шайлоо участоктору жабылгандан кийин БШК автоматтык түрдө эсептөөнүн жыйынтыгын алат. Бирок 2020-жылкы шайлоонун акыркы жыйынтыгы бюллетенди кол менен эсептегенден кийин гана белгилүү болот.

Жогорку Кеңештен депутаттык мандат алууга 16 саясий партия ат салышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-zhogorku-keeshke-deputattardy-shajloo-kn-shajloonun-zhrshndg-maalymattar



Добавить комментарий