Бүгүн Жээнбеков иш сапары менен Талас облусуна барат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда.
Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.
Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-zheenbekov-ish-sapary-menen-talas-oblusuna-barat
Добавить комментарий ×