Бүгүн тоолуу айрым аймактарда жаан жаайт

2 октября 2018 08:45 839 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстан боюнча бүгүн 2-октябрда тоолуу райондордо жаан жаап күн күркүрөйт. Батыштан соккон шаалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында күндүзү  +20…+25, ал эми тункүсүн +9...+10 градуска чейин ысыйт. Бул аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө күндүзү +17…+22, түнкүсүн +6..+8 градус, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз +22…+27 градус ысык болуп, түндө +8..+12 градуска жетет. 

Бишкек шаарында күндүзү +23…+25 градус болсо, түнкүсүн +8..+10 градус болоору болжолдонууда.



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-tooluu-ajrym-ajmaktarda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий