Бүгүн таңда Ошто 3 балл болгон жер титиреди

10 марта 2020 09:29 521 Barometr
Поделиться в:
ok

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-март күнү саат 03:07де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.   

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Калта, Жыланды айылдарында 3 баллга, Шоро-Башат, Ничке-Сай айылдарында жана Өзгөн шаарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.   

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.  

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-tada-oshto-3-ball-bolgon-zher-titiredi



Добавить комментарий