Бүгүн социалдык фонддун 2018-жылга карата бюджети комитетте каралат

19 ноября 2018 09:50 861 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңеште социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетте Социалдык фонддун 2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата божомолу тууралуу мыйзам долбоору талкууланат. Жыйын бүгүн 14:00 башталат. Жогорку Кеңештин маалымдоо бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, баяндама жасоо үчүн социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев, өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев, Кыргыз мамлекетинин профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов чакырылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-socialdyk-fonddun-2018-zhylga-karata-byudzheti-komitette-karalat



Добавить комментарий