Бүгүн Шевченко менен Монтанонун беттеши болбой калды
Бүгүн, 8-сентябрда Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык Никко Монтанонун беттеши өтпөй калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Буга чейин айтылгандай, бүгүн, 8-сентябрда америкалык кур үчүн Кыргыз өлкөсүнөн чыкккан мушкер Валенитина Шевченко америкалык мушкер Никко Монтано менен беттешмек. Бирок Никко Монтанонун беттеш алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилгендиктен, беттештин мөөнөтү башка мөөнөткө жылдырылды.
Белгилей кетсек, эки спортчу 6-сентябрда Даллас шаарында беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөрүшкөн.
Шевченко буга чейин 56 килограммга чейинки салмак категориясына өтүп, алгачкы беттешинде Присцилла Качоэйраны утуп алган.
Эске салсак, Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңишке жетсе, 2 беттеште мушкер Аманда Нуньеске жеңилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-shevchenko-menen-montanonun-betteshi-bolboj-kaldy
Добавить комментарий ×