Бишкекте подполковник Заполький менен коштошуу зыйнаты өттү (Сүрөт)

30 июня 2020 15:52 1074 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн милициянын подполковниги Олег Заполькийди акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратында КРнын ИИМдин жетекчилигинин, кесиптештеринин жана жакындарынын катышуусунда Олег Заполькийди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү.

Анда кесиптештери Запольскийди өз кесибинин мыктысы, ага кызматтык зарылчылыктар менен гана эмес, жеке маселелер менен кайрылганда дагы жардамын аябаган адам катары эскеришти. Кызмат өтөө учурунда, өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алган.

Акыркы сапарга узатуу аскердик жөрөлгөлөр менен коштолду. Аны кесиптештери автоматтан асманга ок атуу менен эскеришти.

Эскерте кетсек, 27-июнда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский каза болгон.

Эскерте кетсек, Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган. 2017-жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап, КРнын БМЖКККнын башчысы болуп дайындалган. Ал 39 жашында каза болгон. Анын артында жубайы менен эки баласы калды



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-podpolkovnik-oleg-zapolkijdi-akyrky-saparga-uzatuu-ish-charasy-tt



Добавить комментарий