Бүгүн парламентте сот аткаруучулардын статусу боюнча мыйзам долбоору каралат

18 декабря 2018 09:41 1458 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 18-декабрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. 

Аталган жыйында "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

Мыйзам долбоору үй-бүлөнү, энени, атаны жана баланы коргоого, алименттик милдеттенмелерди жөнгө салууга багытталган. 

Мындан тышкары комитет жыйынында жергиликтүү соттордун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү боюнча маселе каралат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-parlamentte-sot-atkaruuchulardyn-statusu-boyuncha-myjzam-dolbooru-karalat



Добавить комментарий