Бүгүн парламентте депутаттар Терек-Сайдагы абалды талкуулашат
Поделиться в:
Бүгүн 6-декабрда парламентте депутаттар Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тегериндеги болуп жаткан ызы-чууну талкуулайт. Бул тууралуу депутат Азизбек Турсунбаев Жогорку Кеңештин жыйынында сунуш кылган.
"Терек-Сайда ызы-чуу боюнча УКМКны, ИИМди, "Кыргызалтынды" жана укук коргоо органдарын чакырып, эмне болуп жаткандыгы тууралуу угалы"-деди депутат.
Мындай сунушту депутаттар бир добуштан колдоп макул болушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-parlamentte-deputattar-terek-sajdagy-abal-tuuraluu-talkuulashat
Добавить комментарий ×