Бүгүн мугалимдер күнү. Кыргызстанда быйыл 82 миң мугалим иштеп жатат

5 октября 2021 09:56 1072 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 5-октябрь - Дүйнөлүк мугалимдер күнү. Бул майрамга байланыштуу Улуттук статистикалык комитет бир катар маалыматтарды сунуштаганын “Барометр” кабарлайт.

2020-жылы билим берүү тармагында республикадагы жумуштуу калктын 9 пайызы эмгектенди.

Азыркы учурда өлкөдө 4 миңден ашык мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, башталгыч орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар. Аларда 113 миң педагог 1,9 млн тарбиялануучуну, окуучуну жана студентти окутат.

Эң эле керектүү кесиптердин бири мугалимдик болуп саналат.

Быйыл жалпы билим берүү мектептеринде 82 миң мугалим иштеп жатат. Алардын 24 миңи шаарда, айыл жеринде 58 миң мугалим эмгектенүүдө.

Мектептердин 85 пайызында аял мугалимдер эмгектенет, алардын 8 пайызы мектеп директору жана директордун орун басары кызматтарын аркалайт.

2020/2021-окуу жылынын башталышына карата мугаимдердин 87 пайызы жогорку билимдүү болгон.

Бир мугалимге орточо алганда 16 окуучудан туура келет.

Ар бир алтынчы студент мугалимдин кесибин тандап алат.

2020/2021-окуу жылында жогорку окуу жайларын 6 миңдей педагог бүтүрүп чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-mugalimder-kn-kyrgyzstanda-byjyl-82-mi-mugalim-ishtep-zhatat



Добавить комментарий