Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы -9, -10 градуска чейин төмөндөйт

18 октябрь 2018 09:05 979 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн республиканын айрым аймактарында жаан, жаан аралаш кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды. 

Тоолуу аймактарда, Нарында күндүзү +2, +7 градус жылуу, түнкүсүн -5,-10 градуска чейин муздайт, Таласта күндүз +2, +7, түнкүсүн -2, -7 градуска жетет. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз +4, +6, түнкүсүн 0, -5 градуска чейин төмөндөйт. 


Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +3…+5, тункүсүн -1, -3 градус суук болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-lknn-ajrym-ajmaktarynda-abanyn-temperaturasy-9-10-graduska-chejin-tmndjt



Добавить комментарий