Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт

20 августа 2020 08:56 722 Barometr
Поделиться в:
ok

20-августта Ысык-Көлдө жана Нарындын кээ бир райондорунда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолорго кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 26-31

Чүй өрөөнүндө 25-30

Ысык-Көлдө 18-23

Нарында 17-22

Талас облусунда 14-19

Бишкек шаарында түштөн кийин өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы 28-30° ысыйт.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-tkn-tp-kn-krkrjt



Добавить комментарий