Бүгүн Кыргызстандын балбан кыздары U23 дүйнө чемпионатында күрөшкө чыгат

30 октября 2019 13:51 2697 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн U23 дүйнө чемпионатында кыздар күрөшү старт алат. Биринчи болуп Кыргызстан U23 кыздар курамасынан 59 кг салмакта Назира Марсбек кызы килемге чыгат.

Бул тууралуу өлкөнүн кыздар күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “barometr.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында, бүгүн кыргызстандык эки балбан кыз килемге чыгат.

Дүйнө чемпионатында биринчи болуп Назира Марсбек кызы күрөшөт. Ал квалификациялык этапта Италиянын балбан кызы Морена де Вита менен кездешет. 76 кило салмакта Айпери Медет кызы да бүгүн килемге чыгат. Ал да квалификациялык этапта италиялык Энрика Ринальди менен кармашат”, - деди ал.

Аталган мелдеште Кыргыз курамасы быйыл үч эле салмакта мөөрөй талашат. 57 кг салмакта Нураида Анаркулова, жана 76 кг салмакта Айпери Медет кызы күч сынашат. Мээрим Жуманазарова жаракатына байланыштуу бул мелдешке барган эмес.

Эске сала кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү бүгүн, 30-октябрда башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstandyn-balban-kyzdary-u23-djn-chempionatynda-krshk-chygat



Добавить комментарий