COVID-19: Жаңы 36 учур катталып, 58 бейтап айыгып чыкты

11 июня 2020 10:45 964 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн катталган жаңы 36 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Анын 4 учуру  чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 19 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев билдирди.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 129 учурга жетти. Стационарда – 473, алардын ичинен реанимацияда – 2. Ооруканадан чыгарылгандар  – 1630 болсо, 26 жаран илдетти жеңе албады.

Ооруканадан  айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө,  58 бейтап. Алар:
Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 17, Ош облусунда – 1,  Нарын облусунда  – 6 жана Жалал-Абад облусунда  – 1.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-koronavirustun-zhay-36-uchuru-kattaldy



Добавить комментарий