Бүгүн колледждерге кабыл алуунун II туру башталды

7 августа 2020 13:47 871 Barometr
Поделиться в:
ok

7-августта орто кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларына кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү министринин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер БИМ тарабынан атайын иштелип чыкка https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат. Катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, “Каттоо” баскычын басуу керек", - деп айтылат маалыматта.

 Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 1- турдун жыйынтыгы боюнча 22 070 өтүнмө катталды. 

Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kolledzhderge-kabyl-aluunun-ii-turu-bashtaldy



Добавить комментарий