Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз Ысык-Көлдүн баардык тарабынан изделип жатат

5 августа 2022 11:25 926 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар наристени бүгүн көлдүн баардык тарабынан изделет. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн 5-августта Тору-Айгыр айылынын тушунда 18 күн мурун көлгө чөккөн кызды издөө уланууда.  

"Көлдүн үстүнөн, жээктерден, көл түбүнөн  издөө үчүн Тору-Айгыр айылына ӨКМдин Суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, Каракол шарынан 8 адам  кеме менен, жергиликтүү элдерден 8 киши, ыктыярчылардан 3 киши издешет.

Наристени издөө ишине жалпысынан 32 куткаруучу тартылган.  Алар 18 күндөн бери аймактарга, жээктерге бөлунуп иш алып барышууда", -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда “жапайы пляжга” көлгө түшүп эс алуу үчүн келишкен. Эс алуучулар сууга түшүп жатканда шамал болуп, толкун башталган. Кыз үйлөтмө желим матрац менен сууга түшүп жаткан учурда шамал айдап кеткен.



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-klg-chgp-ketken-4-zhashar-kyz-ysyk-kldn-baardyk-tarabynan-izdelet



Добавить комментарий