Бүгүн футболго кыргыз курама командасын колдоо үчүн Мирбек Атабеков барат
Бүгүн, 21-январда Абу-Даби шаарында Кыргызстан курама командасы менен Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасы Zayed sport city стадионунда турнирдин жарым финалына ат салышат.
Маалым болгондой өткөн Азия кубогу – 2019 оюнунда Кыргызстан курама командасы Филиппин футбол командасы менен болгон беттешке күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков барган.
Атабеков өзүнүн инстагам баракчасына бүгүн боло турчу беттешке да бараарын кабарлады. Ал постуна:
“Бүгүн Кудай буйруса биз сөссүз утабыз жана толугу менен баарыбыз колдойбуз!” –деп жазды.
Эске салсак, беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23:00 дө башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-futbolgo-kyrgyz-kurama-komandasyn-koldoo-chn-mirbek-atabekov-barat
Добавить комментарий ×