Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Экс-президент тууралуу кызыктуу маалыматтар
Бүгүн, 16-ноябрь Кыргызстандын мурунку президенти Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Ал 62 жашка толду.
“Барометр” экс-президенттин туулган күнүн утурлай ал тууралуу кызыктуу маалыматтар топтомун даярдады.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.
Ал үч тилде эркин сүйлөй алат: кыргыз, орус, өзбек.
Жээнбеков бир кыз, бир уул жана жээн неберенин кадырлуу атасы.
Жубайы Айгүл Токоева Жээнбековдон он жашка кичүү.
Жээнбеков бош убактысы болсо футбол, бокс жана көк-бөрү менен алек болгонду жактырат.
Жээнбековдун саясатка карай жолу тууралуу маалымат;
Ал 1980-жылдардын аягынан баштап саясатка аралаша баштаган. 1988-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын катарына өткөн. 1988-1989-жылдары Ош облусунун Совет районундагы Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын райондук комитетинин инструктору (КПССтин курамында) болуп иштеген.
1991-жылга чейин Ош облусундагы Ульянов атындагы совхоздун парткомунун катчысы. 1991-1993-жылдары ушул совхоздун директору болгон.
1993-1996-жылдары өзү туулуп өскөн Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы "Кашка-Жол" колхозунун башкармасынын төрагасы.
1995-жылдын башында Ош облусунан 1-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын (жогорку палатасы) мүчөсү болуп шайланган. 1996-1997-жылдары эл өкүлдөр жыйынынын агрардык маселелер боюнча орун басары, ал эми 1997-2000-жылдары ушул комитеттин төрагасы болгон.
1998-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясына (КСДП) кошулган. 2000-жылдын башында II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын мүчөсү болуп кайрадан шайланган. 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары кызматын да аркалап келген.
2003-жылы Сооронбай Жээнбеков К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин бухгалтер адистиги боюнча экономика факультетин аяктап, экинчи жогорку билим алган.
2005-жылдын февраль айында бир палаталуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жоогазын революциясы учурунда оппозициядагы КСДПнын мүчөсү катары ал революцияны жана Аскар Акаевдин режиминин кулатылышын колдогон. 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин Агро өнөр-жай комплекси жана экология боюнча комитетинин төрагасы болгон.
2007-жылдын 3-апрелинен 24-октябрына чейин Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри. Дал ушул учурда ал Алмазбек Атамбаев менен жакындан таанышып калган.
2010-жылдын апрель айынан баштап Ош облусунун губернатору болуп иштеген.
2012-жылдын 16-августунда республиканын премьер-министринин буйругу менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
2015-жылдын 11-декабрында Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалган. 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары.
2016-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп шайланган.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо ал 54,76% добуш алып, Кыргызстандын Президенти болуп шайланган. 24-ноябрда ал расмий түрдө кызматына киришкен. Жээнбеков биринчи чет өлкөгө иш сапарын мамлекет башчысы катары Россия Федерациясына барган.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу массалык нааразычылык акциялары башталгандан кийин, 2020-жылдын 6-октябрына караган түнү Бишкектеги өкмөт үйүн митингчилер басып алып, бир катар саясатчылар абактан бошотулган. Анын найтыйжасында, Жээнбеков бийликтен кетүүгө аргасыз болгон.
Митингчилердин талабы менен 2020-жылдын 15-октябрында Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 16-октябрда Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилген.
Добавить комментарий ×