Бүгүн Бишкекте жогорку ылдамдыкта бара жаткан айдоочу бакка тийип өтүп, электр мамысын сүздү. Абалы оор
Поделиться в:
Бишкекте бүгүн жол кырсыгы катталып айдоочу оор жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсык бүгүн түшкү саат 12:00дөр чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болду. Хонда үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта келе жатып бакка тийип өтүп, электр мамысын сүзгөн. Кырсык учурунда айдоочу унаада жалгыз болгон.
Добавить комментарий ×