Бүгүн Бишкекте абанын температурасы 20 градустан жогорулайт
4-октябрда Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 20…22 градус болот.
Кыргызстандын башка аймактарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда, Чүй, Талас облустарында жаан чачын күтүлбѳйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18 градус жылуу болушу ыктымал.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23 градуска жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-bishkekte-abanyn-temperaturasy-20-gradustan-zhogorulajt
Добавить комментарий ×