Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп жатат
Поделиться в:
Бүгүн 19-декабрда Бишкекте Горький паркында Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп жатат.
Эске салсак, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Үстүбүздѳгү жылы октябрь айында №1 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылган. Саясатчынын жактоочусунун айтымында азыркы күнгѳ чейин жооп келе элек.
Добавить комментарий ×