Бүгүн Ажылык милдетин өтөгөн зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкекке келет

17 августа 2019 17:05 1147 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Кыргызстандык Ажылардын 400 кишиден турган алгачкы тобу Жидда-Бишкек каттамы боюнча жолго чыкты.

Бул тууралуу учурда Сауд Аравияда жүргөн муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев “barometr.kg” сайтына билдирди.

Алар Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 23:00дө Эл аралык “Манас” аэропортуна конот.

Ал белгилегендей, мекендештерибиз ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышкан. 17-августтан 1-сентябрга чейин Ажы зыяратчылары Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-azhylyk-mildetin-tgn-zyyaratchylardyn-algachky-tobu-bishkekke-kelet



Добавить комментарий