Жаңы заманды, жаңыланууну СЕН жана МЕН жасайбыз!

2 декабря 2019 09:36 2145 Barometr
Поделиться в:
ok

"Ата Мекен" партиясынын жаштарынын демилгеси менен “СЕН жана МЕН” аттуу жаңы идеялардын форуму болуп өттү. Форумдун алкагында шайлоо системасы, билим берүү жана IT-технологиясы тармагы боюнча жаш лидерлердин презентациясы болуп, андан соң талкуулар, суроо-жооптор орун алды. Бүгүн коом жаңыланууну, өзгөрүүнү күтүп, талап кылып жатат. Эскиче ой жүгүртүү, эскиче иш алып баруу азыр ийгиликтерге жеткирбей калганына эч кимдин шеги жок. Бизге жаңы заманды, жаңыланууну эч ким жасап бербейт. Аны биз өзүбүз, СЕН жана МЕН жасайбыз. Өлкөнүн, ата мекендин тагдырына жоопкерчиликти биз жаштар, биз карапайым адамдар өз колубузга алышыбыз керек. Анүчүн жаңы идеялар, жаңы лидерлер керек. Ал эми жаңы идеялар, жаңы лидерлер эл арасында. Форумдун максаты ошолорду сууруп чыгуу, таап чыгуу. Элдин көйгөйүн, чиеленишкен маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун, жаңы ыкмалдарын сунуштай алган, курч идеяларын турмушка ашырыш үчүн керек болсо өмүрүн аябаган жаш, жаңы лидерлерди алып чыгуу. Форум партиялык эмес, партиядан кеңири жана партиядан жогору. Бүгүн биринчи жолу болуп өткөн “жаңы идеялар форуму”  регулярдуу болуп, ар кандай формаларда, ар кандай форматтарда, Бишкекте эле эмес, региондордо да өтүп турат. Жаш лидерлердин идеяларын, сунуштарын мыйзамдык, Өкмөттүн токтомунун, чечиминин статусуна чейин жеткирип, Кыргызстандын мамлекеттик саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишүүбүз керек. 

Иш-чарага өз идеялары, пикирлери бар, ошол идеяларын турмушка ашырыш үчүн күрөшүп жүргөн, коомчулукка белгилүү болуп калган жаш лидерлер: Жанар Акаев, Алмазбек Бейшеналиев, Максат Сабыров жана башкалар чакырылган. Мындан тышкары, жаштар форумуна саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары келип катышып, жаштарга ийгилик каалашты

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-ata-meken-partiyasynyn-zhashtarynyn-demilgesi-menen-sen-zhana-men-attuu-zhay-ideyalardyn-forumu-bolup-tt



Добавить комментарий