Бүгүн Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңешке чакырышты

17 июня 2019 11:31 5463 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-июнда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин батыш залында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын отуруму өтөт.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына “Экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын бүгүнкү жыйынына Алмазбек Атамбаев же анын өкүлү келип катышса болот. Башталышы 14:00”,-деп жазды.

Бардык кызыккан тараптарга эшик ачык. Отурум ачык өтөт. Комиссиянын ишине катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн бүгүн, саат 12:00гө чейин 63-92-00 телефон номуруна чалып катталууларын өтүнөбүз.

Белгилей кетсек, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында атайын комиссия түзүлүп, анын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, “Республика – Ата Журт” фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынан Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, “Бир Бол” фракциясынан Бактыбек Турусбеков, “Ата Мекен” фракциясынан Каныбек Иманалиев кирген. Ошондой эле комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн деп белгиленген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-almazbek-atambaevdi-zhogorku-keeshke-chakyryshty



Добавить комментарий