Ысык-Көл облусунда сел жүрүп, асфальт жолду жууп кетти (Видео)

9 июля 2020 18:15 1667 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунда сел жүрүп, асфальт жолду жууп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облус боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замир Жумагазиев “Барометрге” билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 60-70-чакырым аралыктарын (Кызыл-Туу айылы) суу жууп кум шагылдарга толтурган.

Унаа жол №33 Жол тейлөө ишканасынын балансында, учурда техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. "Жерине Тоң райондук №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн ыкчам топ, №33 ЖТИден 1 грейдер, Күн-Чыгыш а/а. 1 экскаватор тартылган. Учурда унаалар үчүн жол ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Сел жүрүп, асфальт жолду жууп кеткен видео "Короче" телеграм каналына жүктөлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-9-iyulda-ysyk-kl-oblusu-rajonunun-ajmagynda-sel-zhrd



Добавить комментарий