Жалал-Абад ОИИБнин спортто ийгиликке жетишкен бир катар кызматкерлер сыйланышты

9 декабря 2019 17:34 1984 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад ОИИБнин имаратында спортто ийгиликке жетишкен бир катар кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

билдирди . Казахстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин дүйнөлүк кубогу үчүн Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн күжүрмөн самбо боюнча мелдешке Жалал-Абад областынын «Динамо» командасы да катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Атап айтсак:
- 68 кг салмакта Эмилбек Мурзабаев 2-орун;
- 82 кг салмакта Бектур Идирисов 2-орун жана жылдын мыкты спортчусу наамы;
- 90 кг салмакта Нурсултан Тайлаков 3-орун жана спорт чебери наамы.
Ошондой эле, Ош шаарында өткөрүлгөн «Алыш» ден соолукту чыңдоо борборунун күжүрмөн самбо боюнча ачык биринчилигинде КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Искендер Абдикаимов 68 кг салмакта 1-орунду ээлеп, медал тагынды.
5-6-декабрь күндөрү бокс боюнча Ош шаарында болуп өткөн оор атлетика спорт мектебинин кубогуна арналган мелдеште 69 кг салмак өлчөмүндө 2-орунду ээлегендиги үчүн Атайын операциялык отрядынын (ОСО) кызматкери Мурас Шербаев медаль жана диплом менен сыйланды.


Ссылка: https://barometr.kg/bgn-9-dekabrda-zhalal-abad-oiibnin-imaratynda-sportto-ijgilikke-zhetishken-bir-katar-kyzmatkerler-syjlanyshty



Добавить комментарий