Бүгүн, 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКнын чечимине каршы арызы каралат
Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы арызы каралат. Бул тууралуу партия лидери Адахан Мадумаров онлайн жыйынында берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.
"Биз 3 күндөн бери Кыргыз өлкөсүндөгү эң мыкты делген адистер, жактоочулар, укук коргоочулар менен отуруп "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция жана шайлоо мыйзамдары боюнча бизди каттабай коюуга эч кандай себеп жок. Азыркы болуп жаткан кырдаалдын чыңалышына БШК гана күнөөлүү. Соттук териштирүү бүгүн саат 16:30га белгиленди", - деди Мадумаров.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-сентябрдагы жыйынында БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон.
Добавить комментарий ×