Бүгүн, 14-сентябрдан тарта китепкана жана музейлер ачылат

14 сентября 2020 11:04 576 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам карантин режими киргизилген. Ага ылайык баардык коомдук жайлар жабылган.  Бүгүн, 14-сентябрдан тарта, өлкөдөгү музей жана китепканалар өз ишин кайрадан жандантат. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал үчүн атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган.

Кыргызстанда кинотеатрлар 25-сентябрдан тарта иштеши мүмкүн

Маалыматка ылайык, музей жана китепканалардын ишин жандантууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу каралат. Ошондой эле министрлик койгон талаптарга ылайык, мекемелердин имаратына кирүү алдында кызматкерлердин жана коноктордун дене табы текшерилип, ичинде жүргөндө социалдык аралык сакталышы керек.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-14-sentyabrdan-tarta-kitepkana-zhana-muzejler-achylat



Добавить комментарий