Бүгүн 11-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

11 октября 2018 09:30 878 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 11-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

2018-жылдын 11-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде 0…-2° үшүк, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3° градуска чейин төмөндөйт.  Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу деп маалымдайт ӨКМ. 

2018-жылдын 13-октябрында күндүз жана 14-октябрында туруксуз аба- ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу  райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-11-oktyabrda-lknn-ajrym-ajmaktarynda-shk-zhrsh-ktlt



Добавить комментарий