Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоо күнү

1 июня 2018 21:20 1546 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзүнүн бардык булуң бурчунда, бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип жатат. Бул дата балдардын саламаттыгы, жашоосу жана укугу тууралуу кабар берүү максатында 1950-жылдан бери уюштурулуп келет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянсак, Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 312 миңге жетет. Алардын 51 пайызын эркектер түзөт. 7 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 75 миң, 7-14 жаш арасындагылардын саны 946 миң, ал эми 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 291 миңге жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-1-iyun-baldardy-korgoo-kn



Добавить комментарий