Бетти химиялык тазалоо канчалык зыян?

12 мая 2022 09:05 3637 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда кыз-келиндердин көбү ай сайын салонго барып беттерин тазалатып жаткан учур. Ал ортодо айрымдары кооптонуп бетти тазалатуу канчалык зыян дегендер дагы жок эмес. Башкача айтканда, бетти химиялык заттар менен тазалап, бетими бузуп албаймынбы деп кооптонушат. Салонго барып бетти тазалаткан канчалык зыян жана зыян эмес? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет. 

Косметолог адистери бетти салонго барып тазалатса, анын териси бузулат дегенге кошулбайт. Анткени,  косметологиянын өнүгүп, табигый косметикалар көп пайда болгон менен байланыштырат. Андагы химиялык заттар бетими күйгүзөт деген ойдон алыс болуңуз. Себеби, учурда чөп кошулган косметикалык каражаттар менен бетти тазалоо процесстери жүрөт. Адситердин айтымында мындай процедуралар беттеги кан айланууну дагы жакшыртат. Экинчиден микроскоп аркылуу гана көрүүгө боло турган зыяндуу заттардан оңой арыла аласыз. Андан улам бет сонун болуп жалтырап, сергек болуп калгандыгын байкоого болот.

Айрым кыздардын бетти химиялык тазалоодо кооптонгону дагы бир четинен туура. Анткени, айрым салондордо бетке пилинг жасашып, теринин бир катмарын шылып койгон учур дагы кездешет. Муну адистер зыян катары сыпаттайт. Мындай учур бетти бир ай таза кармап турууга жардам берет. Косметолог адиси бир айдан кийин шылынган териге кайра эле безетки чыга бере тургандыгын айтат. Себеби, бетибиз үч катмар териден турат, анын бир катмары шылынганда, ал өзүн-өзү коргоо сапатын жоготмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/betti-himiyalyk-tazaloo-kanchalyk-zyyan



Добавить комментарий