Беш айда алтын экспорттоо 180 миллион долларга азайды
Алтын экспорттоо азайды, акыры беш айда аны сатуу 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,8 тоннага кыскарды. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, алтындын экспорту акчалай түрдө 180 миллион долларга азайган.
2021-жылдын январь-май айында алтын экспорттоо 4 тонна 135,7 килограммды түзгөн. Акчалай эсептегенде бул 234,7 миллион доллар.
Ал эми 2020-жылы чет өлкөгө 7 тонна 973,9 килограмм алтын же акчалай эсептегенде 413,3 миллион долларга алтын сатылган болчу.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын экспортунда алтын сатуу башкы орундардын бирин ээлейт
Ссылка: https://barometr.kg/besh-ajda-altyn-eksporttoo-180-million-dollarga-azajdy
Добавить комментарий ×