Бермет Акаеванын азыркы күйөөсү соцтармакта кызуу талкууга алынууда

13 декабря 2018 09:20 3476 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын азыркы күйөөсү тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Түгөйлөр  Cote Француз журналынын ноябрь айындагы чыгарылышындагы бетине чыгышкан. 

Маалыматтарга караганда, сүрөт Женевадагы "Артвера" галереясында тартылган. Израильдин 70 жылдык мааракесине арналган жарманкеде 20-сентябрда болгону жазыган.

Журналдын бетинде Миссис Бермет Акаева жана анын күйөөсү деп жазылган. Интернет колдонуучулар тунгуч президенттин кызы кыйын, парламентке чейин кирип келди эле, эми индус күйөө таап алыптыр деп катуу талкуу кылышууда. 

Эске салсак, Бермет Акаеванын мурунку күйөөсү  Адиль Тойгонбаев Кыргызстандагы бир топ ишканаларды, өндүрүш обьектилерин мыйзамсыз түрдө менчиктештирип алган деп 2005-жылкы көтөрүлүштөн кийин эл аралык издөөгө алынган. 2016-жылы Интерпол аркылуу Дубайдан кармалып, белгисиз себептер менен бошонуп кеткен. Андан кийин, Москвадагы аэрпорттон кармалганы менен Кыргызстанга өткөрүлүп берилген эмес. 

2017-жылы Биринчи май райондук соту 20 жыл сыртынан кесип, уй-мүлкүн, байлыктарын конфискациялаган. 

Ссылка: https://barometr.kg/bermet-akaevanyn-azyrky-kjs-soctarmakta-kyzuu-talkuuga-alynuuda



Добавить комментарий