Бердибек Жамгырчиев: “Улуу муундагылар батасын берип, эс алса жакшы болот эле”
Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасына шайлоо өттү. Талапкерлердин арасынан акын Нурлан Калыбеков төрага болуп шайланды. Анын бул орунга татыктуу экенин белгилеп көпчүлүк жаш калемгерлер Facebook баракчаларына жазып чыгышты. Алардын бири Бердибек Жамгырчиев өз оюн төмөндөгүдөй кылып билдирди. Анын жазгандарын ар тараптан талдашып, интернет колдонуучулар талкууга алышты.
“Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасын шайлоо башталып атат. Биздин тандообуз Нурлан Калыбеков! Биз өзгөрүүнү каалайбыз! Улуу муундар батасын берип, эс алса жакшы болот эле. Качанга чейин алдыга жылбай быкшып жата берет биздин Союз...” – деп жазган.
"Жаштын тилегин берет" демекчи, көп өтпөй эле акын Нурлан Калыбековдун талапкерлиги жактырылып төрагалык орунга тандалды. Маалымат катары белгилей кетсек, талапкерлер бул кызматка акын жана жазуучулардан түзүлгөн 85 адамдын добуш берүүсү аркылуу бекитилет.
Ссылка: https://barometr.kg/berdibek-zhamgyrchiev-uluu-muundagylar-batasyn-berip-es-alsa-zhakshy-bolot-ele
Добавить комментарий ×