Бельгия Королдугунда жазуучу жана элчи Чынгыз Айтматовду эскерүү кечеси өттү

16 ноября 2019 17:14 4186 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы Элчилигинде залкар жазуучу, ойчул жана элчи Чынгыз Айтматовдун элесине арналган адабият кечеси өттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

14-ноябрда өткөн иш-чарага Кыргызстандан жана Евразия өлкөлөрүнөн келген белгилүү жазуучулар жана адабиятчылар катышты. Элчи Муктар Жумалиев катышуучуларга Чынгыз Айтматовдун Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси болгон убагындагы чыгармачылыгы жана жашоосу тууралуу айтып берди. Кечеде жазуучулар жана адабиятчылар улуу жазуучунун чыгармачылыгы менен бирге өзүлөрүнүн ырларынан жана кол жазмаларынан үзүндүлөрдү айтып беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/belgiya-koroldugunda-zhazuuchu-zhana-elchi-chyngyz-ajtmatovdu-esker-kechesi-tt



Добавить комментарий