Белгилүү ырчы Светлана Лободанын кош бойлуу кезинде тартылган клипи жарыкка чыгат

6 июня 2018 22:20 1330 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында эле экинчи жолу эне болгон Светлана Лобода өзүнүн социалдык тармагындагы блогунда өзгөчө клипинин анонсун жарыялады. Клипте ал кош бойлуу мезгилинин акыркы айында бийлегени көрүнүп турат. Жаңы чыгармасынын бет ачары 8-июнга белгиленген. Бул видео чыгары менен колдонуучулар арасында кызуу талаш-тартыш башталган. Бири болочок эненин мындай бийин катуу сындаса, башкалары анын мындай кадамына суктанганын жашырышкан жок. Клип, ырчы кош бойлуу болгонго чейин же кош бойлуулуктун биринчи айларында эле тартылган деп божомолдогондор да чыкты. Ал эми анын курсагы атайын ойлонуп табылган образ деп жазышкан колдонуучулар. Эске салсак, Светлана Лобода 24-майда экинчи жолу кыздуу болду

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-yrchy-svetlana-lobodanyn-kosh-bojluu-kezinde-tartylgan-klipi-zharykka-chygat



Добавить комментарий