Белгилүү ырчы Динара Акулованын апасы 90 жаш курагында дүйнө салды

14 декабрь 2018 11:02 1663 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү ырчы Динара Акулованын апасы 90 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчы инстаграмдагы баракчасы аркылуу кайгысын эл менен бөлүштү.

Ал эми ырчынын менеджери Barometr.kg сайтына буларды билдирди:

"Динара Акулованын баккан апасы 90 жашка чыгып, кечээ 13-декабрда каза болду. Бүгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Өзүңүздөр билгендей, жакында эле 90 жылдык юбилейин өткөргөн"-деди.

Эске салсак, ырчы мындан бир ай мурун эле тапкан апам жана баккан апам деп эки апасынын 90 жылдык юбийлейин өткөрүп, бишкекте чон той берген. 


Ссылка: https://barometr.kg/belgil-yrchy-dinara-akulovanyn-apasy-90-zhash-kuragynda-djn-saldy



Добавить комментарий