Белгилүү якут ырчы кызды Ысык-Көлдүн келини болгон үчүн жамандашууда

22 марта 2019 15:04 60661 Barometr
Поделиться в:
ok

Якутияда белгисиз жарандар Кыргызстанда туулган жаранга турмушка чыккан ырчы Олимпиянын концертине барбоого чакырык ташташууда. Бул тууралуу жергиликтүү Sakhaday.ru. басылмасы кабарлады. 

Буга чейин Якутияда кыргыз мигранты тарабынан жасалган кылмыш үчүн мигранттарга каршы митинг өткөн болчу.

Элдик толкундоолордун фонунда Олимпияны сынга алган комментарийлер соцтармактарга жайнап чыкты.

“Менин уяла турган эч нерсем жок, мен сүйгөн адамга турмушка чыккамын. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп алган жокмун, капчыгы калың абышкалар менен, депутаттар жана бизнесмендердин артыман чуркаганына караган жокмун.Ооба менин жолдошум Ысык-Көлдөн болот. Мени таш менен урсаңар да өзүмдүн үй-бүлөмдү сүйгөндөн баш тартпайм”,-деп жазды Олимпия өзүнүн баракчасына тескери комментарийлерге жооп кылып.

Эскерте кетсек, Бакай менен Олимпия 2015-жылы баш кошушкан.

Олимпиянын бул постун колдоп жакшы пикир калтыргандар дагы арбын болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-yakut-yrchy-kyzdy-ysyk-kldn-kelini-bolgon-chn-zhamandashuuda



Добавить комментарий