Чынгыз Айтматовдун ысымы Новосибирск шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылат

25 декабря 2019 19:13 542 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Калдарали Маматалиев Новосибирск областынын Губернатору Андрей Травников менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти  билдирди. 

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Новосибирск областынын ар тараптуу аймак аралык кызматташуусу жана эмгектенген кыргыз жарандарынын абалы талкууланды. 

Новосибирск областынын башчысы алдыдагы эки өлкөнүн Кайчылаш жылынын алкагында белгилүү Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысымын Новосибирск шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну колдоду.  

Ошондой эле, ал Башкы консулдук жана Новосибирск областындагы Кыргыз диаспорасынын демилгесин - 2020-жылы Россиянын аймактарындагы кыргыз диаспора арасындагы волейбол боюнча Бүткүл россиялык турнирдин өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-kyrgyz-zhazuuchusu-chyngyz-ajtmatovdun-ysymyn-novosibirsk-shaarynyn-kchlrnn-birine-yjgaruunu-koldodu



Добавить комментарий