Белгилүү голливуд актёру Джефф Бриджес онкологиялык ооруга чалдыкты

20 октября 2020 18:08 1972 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык актер Джефф Бриджеске онкологиялык оору “лимфома” диагнозу коюлганы кабарланды. Бул тууралуу анын Twitter баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Актер бул ооруну жеңип кетерине ишенерин айтып, терапия курсун баштап жаткандыгын белгиледи.

"Мындай кыйын кырдаалда, мени карап жаткан мыкты медициналык топ бар экендиги  жакшылыктан үмүт арттырат", - деп жазган.

Актер бир катар белгилүү тасмаларда мыкты роль жараткан. Ошондой эле, ал “Трон", "Дорога на Арлингтон", "Железный человек", "Сумасшедшее сердце", "Сметенные огнем"  сыяктуу тасмаларга тартылган.

"Сумасшедшем сердце" тасмасындагы ролу үчүн Бриджес 2010-жылы "Оскар" сыйлыгын жана "Эң мыкты актер" номинациясы боюнча "Алтын глобус" сыйлыгын жеңип алган.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-gollivud-aktyoru-dzheff-bridzhsten-onkologiyalyk-ooruga-chaldykty



Добавить комментарий