Белгилүү футболчу Ильзат Ахметовго ак үйдөн ыраазычылык билдиришти

11 январь 2019 16:10 1492 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Биз сиздин атактуу „ЦСКА“ командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россия Федерациясынын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз жана сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!» — деп белгиледи аппарат жетекчиси.

Ильзат Ахметов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кайда болбосун ар дайым өз Мекенин — Кыргызстанды сагынаарын жана өз өлкөсү менен сыймыктаанарын баса белгиледи. Ильзат Ахметов жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, Ильзат Ахметов «Алга» командасында ойногон. Андан соң россиялык «Рубин» футбол командасынын катарына кошулган.  2018-жылдын июль айынан тартып москвалык «ЦСКА» менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

Ошондой эле Ильзат Ахметов Россиянын улуттук «Биринчи бештик» сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчулардын тобуна кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-futbolchu-ilzat-ahmetovgo-ak-jdn-yraazychylyk-bildirishti



Добавить комментарий