Белоруссиянын президенти Лукашенко эмне үчүн жашыруун инаугурация өткөргөн?

29 января 2021 16:48 3819 Barometr
Поделиться в:
ok

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко инаугурациясы жашыруун өткөнүн айтып, анткени ал күнү белгисиз адамдар провокация уюштурууну пландап жатышканын билдирди. Бул тууралуу Life.ru сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Тактап айтканда, Белоруссиянын лидери инаугурацияга чейин белгисиз адамдар провокация уюштурууну көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгын айтты. Анын айтымында, белгисиз адамдар депутаттар келчү автобустун ичине Молотов коктейлин ыргытышмак.

 “Инаугурацияны жалпыга жарыяласак биз боолгологондон да  жаман окуялар болуп кетмек. Депутаттар келе жаткан автобусту өрттөп жиберүүнү пландап жаткандар болуп жатканын угуп калдым. Эгер депутаттар ошол жерде өрттөнүп кетишсе эмне болмок? Ал эмнеге алып келмек? Мен эмне кылышым керек эле? Мен колумдан эмне келсе, ошону жасадым", - деди Александр Лукашенко.

Лукашенконун инаугурация аземи 23-сентябрда Эгемендүүлүк сарайында өткөн. Алдын-ала жарыяланган эмес, ага 100гө жакын гана адам катышкан. Ант берүү аземи сыналгыдан көрсөтүлгөн эмес жана ММКларга да жарыяланган жок. Белоруссиянын мыйзамдарына ылайык, Лукашенко инаугурация жөнүндө эч кимге билдирүүгө милдеттүү эмес.

Белгилей кетсек, бир канча өлкө лидерлери Лукашенконун бул кылганын туура эмес деп эсептеп, аны Белоруссиянын президенти деп таануудан баш тартышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/belarussiyanyn-prezidenti-lukashenko-emne-chn-zhashyruun-inauguraciya-tkrgn



Добавить комментарий