Беларуссия хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугунан ажыратылды. Мелдеш Латвияда өтөт

3 февраля 2021 17:36 707 Barometr
Поделиться в:
ok

Латвия хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун жалгыз кожоюну болот. Буга чейин мелдешти Латвия менен бирге Беларуссия кабыл алышы керек болчу, бирок ал бул укуктан ажыратылган. Бул тууралуу Эл аралык хоккей федерациясынын сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) 2021-жылы хоккей боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрөт. Башында мелдеш Латвия менен Беларуссияда өтүшү керек болчу, бирок Беларуссиядагы курч саясий кырдаалга байланыштуу бул укуктан ажыратылган.

Федерация Кеңеши мелдешти өткөрүүнүн бир нече вариантын карады: Латвияда жана Данияда, Латвияда жана Словакияда. Натыйжада, турнир 21-майдан 6-июнга чейин Латвиянын Рига шаарында өткөрүлөт, бул өлкөлөрдүн ортосунда саякаттоону болтурбоого мүмкүндүк берет жана иш-чараны өткөрүүнүн эң коопсуз жана үнөмдүү ыкмасы болуп калары айтылды. Турнирдин расписаниеси кийинчерээк жарыяланат.

Ошондой эле, мелдеш дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көрүүчүлөрсүз өткөрүлөрүн Латвиянын премьер-министри Кришьянис Кариньш белгиледи. 

Январь айынын ортосунда Беларуссия мелдешти өткөрүү укугунан ажыратылган. Минск шаарында өтчү мелдеш учурунда командалардын, көрүүчүлөрдүн жана расмий адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эместигинен улам аларды кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынган. Бир нече демөөрчүлөр Skoda, Nivea жана Liqui Moly мелдеш Беларуссияда өткөрүлсө, демөөрчү болуудан баш тартышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/belarussiya-hokkej-boyuncha-djn-chempiondugun-tkr-ukugunan-azhyratyldy-meldesh-latviyada-tt



Добавить комментарий