Бекболот Талгарбеков Алмазбек Атамбаевди сотко берет
7-мартта эркиндикке чыккан Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу “Элдик парламенттин” лидери журналисттерге маалымдады.
Ал Алмазбек Атамбаевдин “Бекболот Талгарбеков жана башка оппозициячылар Федералдык коопсуздук кызматынын генералдарын пайдалануу менен мамлекеттик төңкөрүш жасаганы жатышат” деп бир нече ирет айтканына нааразы болууда.
“Бул карандай калп. Мен сөзсүз түрдө сотко берем, ал өзүнүн айткандарын далидеп бериши керек. Бул сөздөрдү ал өзү ойлоп тапкан”,-деди Талгарбеков.
Ал россиялык генералдар менен 2010-жылы болгон июнь окуясын иликтөө үчүн гана кызматташкандыктарын айтты.
Эскерте кетсек, Талгарбекова 7-мартта саат 22:00дө өзү жаза өтөп жаткан № 27 түзөтүү абагынан эркиндикке чыгарылган.
Белгилүү болгондой, Жогорку Соттун 2019-жылдын 6-февралындагы чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августта чыккан өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 13-ноябрында чыккан өкүмү өзгөртүлдү.
Талгарбековго бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу тууралуу айып тагылган, анын кылмыш курамындагы аракети болбогондуктан акталды. Бирок Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун “улуттар аралык чатакты козутуу” беренеси боюнча чыгарылган беш жылга абакка кесүү өкүмү күчүндө калды. Ошентип Талгарбековдун 14 жылдын абак мөөнөтү 5 жылга чейин кыскартылды жана ал шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/bekbolot-talgarbekov-almazbek-atambaevdi-sotko-beret
Добавить комментарий ×