Бек Борбиев: " Тойлорго көп чыга баштадым, "той ырчысы" аталып калбасам экен"

29 июля 2018 01:10 2608 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыздын көзгө басар мыкты обончу, аткаруучу, ырчысы Бек Борбиев сарсанаа болгон таризде "Тойлорго көп чыкчу болдум, "той ырчысы" атка конбосом эле болду деп жазып, кайра артынан "Бирок бул тамаша достор, тойлорубуз боло берсин, сиздердин жакшылыкка кубө болуу да бизге өзүнчө зор бакыт деди. Айрымдары кыргыздын ырчысы  болгондон кийин албетте тойго кызмат кылыш керек десе, кээ бирлери Бек Борбиев ырчылардын сап башында тургандан кийин той ырчысы аталып, тойдо ырдагандан көрө өзүнүн аброюн сактаганы туура дешти. Мыкты талант, аткаруучу, маданият көчүнүн сап башында тургандан кийин элди тажатпай, сахнадан сагындырып ырдап турганы жакшы деген пикирлер көп айтылды. 

"Элдер сизди көргүсү келет. Ырларыңызды уккусу келет. Тойлордо сөзсүз ырдашыңыз керек"-дегендер дагы болду.

Учурда ырчылардын көбү тойлордо кызмат кылып, нан тапкан кесип катары дагы көрүп жүрүшөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-tojlorgo-kp-chyga-bashtadym-toj-yrchysy-atalyp-kalbasam-eken



Добавить комментарий