Бек Борбиев: Тарых-бул арбак
Белгилүү ырчы Бек Борбиев өзүнүн социалдык баракчасына Бишкек шаарындагы Мамлекеттик Тарых музейинде болгон ремонт тууралуу пост бөлүштү. “Арбак урат деген эн жаман сөз бар.. Кыргыз негизи тарыхын урматтап, кылымдан кылымга сактап келген. Тарыхый эл болгон соң, ич ара суйлошкондо колдолунуп келген каргыш создорубуз дагы жок эмес. Арасында эң жаманы ошол, « атандын арбагы урат» дегени деп билем. Тарых- бул арбак.. Улуттук тарых музейи курулуп жатканда, 5-мектеп интернатта окуп жүргөнүбүздө, бизди алпарып жеңил жумуштарына иштеткен. Кийин ал музейге көп кирбесем да, өтүп баратып, бала кезде аз да болсо кол кабыш кылганыма сыймыктанып жанымдагыларга айтып калам. Бүгүнкү интернеттен окуп калган жаңылык, мени чексиз окүнттү. Башка элдер не дейт..? Өздөрүнүн тарыхын «жеген» эл дебейби..? Тарых жегиче, бир авам айтмакчы эшектин этин жебейсиңерби..? А баса , эшектин этин деле жебедик беле.. Тиги жыгач аттары дагы окшош экен.. Айтор сөз жок менде..”,-деп ырчы өз пикирин блдирген. Эскертке кетсек, кечээ, 25-майда “Ата Мекен” фракциясы мамлекеттик тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүп аталган музейди реконструкциялоодо ашыкча каражат чыгымдалганы тууралуу маалымдаган.
Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-taryh-bul-arbak
Добавить комментарий ×